super.kg logo

Трамп "Нобель" сыйлыгын Норвегия бийлиги көзөмөлдөөрүн айтып чыкты

 

АКШнын президенти Дональд Трамп Нобель комитетинин көз карандысыздыгы тууралуу билдирүүлөрдү четке кагып, "Нобель" тынчтык сыйлыгын ыйгаруу процессин Норвегиянын бийлиги толук көзөмөлдөй турганын айтты. Бул тууралуу NBC News телеканалына берген маегинде айткан.

"Алар эмне деп айтпасын, Норвегия муну толугу менен көзөмөлдөйт", - деген ал. Анын айтымында, норвегиялык бийлик өкүлдөрү "бул ишке эч тиешеси жоктой сүйлөшөт, бирок чындыгында түздөн-түз тиешеси бар".

Буга чейин PBS телеканалынын журналисти Ник Шифрин X социалдык тармагында Трамптын Норвегиянын премьер-министри Йонас Гар Стёре жазган катын жарыялаган. Анда АКШ президенти "Нобель" тынчтык сыйлыгын албагандыктан, эми дүйнөлүк тынчтык жөнүндө ойлонууга милдеттүү эместигин жана АКШнын улуттук кызыкчылыктарын гана көздөй турганын жазган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: