26 тоннадан ашуун пияз "Достук" чек ара постунан өткөрүлгөн жок (видео)
Фитосанитардык талапка жооп бербеген 26 тонна 978 килограмм пияз чек арадан өткөрүлгөн жок. Бул тууралуу 20-январда Суу ресурстары, айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өткөн жуманын соңунда "Достук" көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу Өзбекстандан Кыргызстанга киргизүүгө аракет жасалган 26 тонна 978 ккилограмм пияз продукциясы тиешелүү фитосанитардык сертификатынын жоктугуна жана жүктүн белгиленген тартипте маркировкаланбагандыгына байланыштуу өлкө аймагына киргизилген жок.
Аталган жүк ташуучу тарапка кайра кайтарылды.
26 тоннадан ашуун пияз "Достук" чек арасынан өткөрүлгөн жок
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















