super.kg logo

Ошто стадионго таандык жер бошотулуп, мамлекеттин карамагына өткөрүлдү

 

Ош шаарынын борбордук стадионунун аймагында жайгашкан, жалпы аянты 2700 чарчы метрди түзгөн курулуштары бар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда УКМКнын маалымат борбору билдирди.

Маалым болгондой, жогоруда аталган объект мыйзамды бузуу менен анын максаттуу багытын өзгөртүп, жеке менчикке мыйзамсыз чыгарышкандыгы аныкталды. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында жер тилкеси жана имараттар мамлекеттин менчигине кайтарылып, Ош шаардык мэриясына өткөрүлүп берилди.

Бул аракеттер шаардын социалдык инфраструктурасын жакшыртып, жагымдуу чөйрөнү түзөт жана шаар тургундарынын жашоо сапатын жогорулатат.

Маалымат үчүн: Президенттин 1995-жылдын 16-февралындагы №37 жарлыгына ылайык, социалдык инфраструктура объекттери уставдык фонддогу мамлекеттик үлүштүн өлчөмүнө карабастан, менчиктештирилген ишканалар жана мекемелер тарабынан сатууга тыйуу салынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: