Өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги боюнча утилизациялык төлөм иштей баштады
2025-жылдын 1-январынан тартып өлкөдө Өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги системинин алкагында утилизациялык төлөмдү төлөө милдети күчүнө кирди. Бул тууралуу 20-январда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги маалымдайт.Маалыматка ылайык, бул өндүрүүчүлөрдү жана импорттоочуларды товарлар менен таңгактар колдонулгандан кийин аларды кайра иштетүүгө жоопкер кылган мамлекеттик механизм.
Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы №322 токтому менен ӨКЖ системине кирген 24 товардык топтун тизмеси бекитилген. Ага аккумуляторлор, автошиналар, майлоочу майлар, пластик жана картон таңгактар, тиричилик техникалары жана башка товарлар кирет. ӨКЖ төлөөчүлөр:
- импорттоочулар товарлар өлкө аймагына киргизилгенден кийин 15 күндүн ичинде;
- өндүрүүчүлөр ар квартал сайын, отчёттук мезгилден кийинки айдын 15-күнүнө чейин төлөөгө милдеттүү.
Утилизациялык төлөмдөн түшкөн каражаттар таштандыларды кайра иштетүү инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана экологиялык таза технологияларды киргизүүгө багытталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:07
2026-02-12
18:54
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















