super.kg logo

Дарыгерлер "Евразия" социалдык дүкөндөрүндө арзандатылган товарларды сатып ала алышат

 

"Социалдык дүкөндөр – Евразия Кей Джи" коомдук фонду жана Саламаттык сактоо министрлиги медицина системасынын кызматкерлерин социалдык колдоо максатында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.

Документке саламаттык сактоо министринин орун басары Айбек Маткеримов жана "Социалдык дүкөндөр – Евразия Кей Джи" фондунун өкүлү Антон Арский кол коюшту.

Бул документ менен дарыгерлер, медайымдар жана башка медициналык мекемелердин кызматкерлери атайын карта алуу жана "Евразия! социалдык дүкөндөрүндө зарыл товарларды жеткиликтүү баада сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

"Социалдык дүкөндөр – Евразия" долбоору ар кандай катмардагы адамдарды колдоо максатында түзүлгөн. Бүгүнкү күндө баш калаада беш социалдык дүкөн иштеп жатат. Аларда жарандар негизги азык-түлүк жана товарларды арзандатылган баада сатып ала алышат.

Мурда бул система пенсионерлерге, майыптыгы бар адамдарга, көп балалуу үй-бүлөлөргө, жалгыз бой апаларга, ошондой эле мугалимдерге жана студенттерге жеткиликтүү болгон. Саламаттык сактоо министрлиги менен меморандумга кол коюу долбоорду өнүктүрүүнүн жана колдоого алынуучу адамдардын чөйрөсүн кеңейтүүнүн кийинки кадамы болду.

Фонддун өкүлү Антон Арский медициналык кызматкерлерди кошуунун себебин алардын коомдогу өзгөчө ролу менен түшүндүрдү:

"Медициналык кызматкерлер күн сайын жарандардын саламаттыгын камсыз кылуудагы маанилүү миссияны аткарышат. Биз дарыгерлерди жана саламаттык сактоо системасынын адистерин колдоону зарыл деп эсептейбиз",- деди Антон Арский.

"Евразия Кей Джи" социалдык дүкөндөрү социалдык багытталган долбоор болуп эсептелет жана мамлекеттик органдар менен уюмдар менен өнүгүп жатат. Демилге "Евразия" коммерциялык эмес уюму менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташуу меморандумунун алкагында жүзөгө ашырылат жана негизги товарларды, өзгөчө муктаждар үчүн, жеткиликтүү кылууга багытталган.

Учурда Бишкекте беш социалдык соода түйүнү иштеп жатат:

  • Токтогул көчөсү, 146/1
  • Асанбай кичи району, 8/3
  • Акматбека Сүйүмбаев көчөсү, 17 / Москва көчөсү, 7
  • Манас көчөсү, 97
  • Юнусалиев көчөсү, 159

Маалымат үчүн: "Евразия" — эл аралык кызматташууну өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүчү автономдуу коммерциялык эмес уюм, гуманитардык долбоорлорду жүзөгө ашырат, салттуу баалуулуктарды сактоо жана элдер аралык байланыштарды өнүктүрүү максатында иштейт. "Евразия" социалдык мааниси бар демилгелерди колдойт, ар кандай маданияттагы адамдарга бири-бири менен байланышуунун мүмкүнчүлүгүн берет, билим берүү, медицина жана жаштар алмашуу тармагындагы долбоорлорду өнүктүрөт. Негизги багыттардын бири — мектеп окуучуларын, студенттерди жана жаш адистерди колдоо. Долбоорлордун катарына билим берүү программалары, алмашуу жана стажировкалар, мамлекеттик ири компанияларда практикалык тажрыйба алуу, медиа мектеп, мугалимдер жана университет окутуучулары үчүн профессионалдык платформалар жана форумдар, журналисттер жана блогерлер үчүн гранттар, ошондой эле тарыхты жана маданиятты сактоо багытындагы долбоорлор кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: