Бишкектин мэри Спорт ордосун оңдоп-түзөө боюнча үн катты (видео)
Бүгүн, 20-январда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбордогу Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосун оңдоп-түзөө иштери мэриянын каражаты менен аткарыларын билдирди.
Анын айтымында, калыбына келтирүү иштери боюнча тапшырма президент Садыр Жапаров тарабынан берилген.
"Жаштык" аренасын ачып жатканда президент Садыр Нуркожоевич тапшырма берген. Учурда мэрия тарабынан атайын жумушчу топ түзүлдү. Изилдөө иштери жүрүп жатат. Аны калыбына келтирүүнү мэрия өз күчү менен жасайт. Сырткы көрүнүшү бүтүн сакталып, көп функционалдуу болот. Бассейн да сакталып, аны шаардыктарга беребиз",- деди мэр.
Шаар башчысы оңдоп-түзөө иштери кайсы учурда башталарын так билдирген жок.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Болот Сагынаев Спорт ордосу боюнча маселе көтөрүп, учурда анын абалы начар экендигин белгиледи.
Бишкектин мэри Спорт ордосунун ремонту боюнча билдирди
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















