Ким Чен Ын вице-премьерди катуу сынга алып, кызматынан бошотту
Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ын вице-премьер-министр Ян Сын Хону кызматтан бошотту. Бул тууралуу 20-январда өлкөнүн борбордук маалымат агенттиги билдирет.
Маалыматка ылайык, кызматтан алуу чечими Рёнсон машина куруу бирикмесинде өткөн расмий иш-чара маалында жарыяланган. Ким Чен Ын жетекчилерди өлкөнүн өнөр жайын өнүктүрүүдө жоопкерчиликсиздикке жана пассивдүүлүккө жол берип жатат деп сындады.
Ошондой эле өлкө башчысы экономиканын туруктуу өсүшү үчүн Рёнсон машина куруу бирикмеси сыяктуу ири ишканаларды жаңылоо маанилүү экенин баса белгиледи. Аталган ишкана оор өнөр жай үчүн станокторду жана жабдууларды чыгарат.
Ян Сын Хо Түндүк Кореяда вице-премьер жана оор өнөр жай министри болуп иштеп келген. Ал машина куруу тармагын көзөмөлдөгөн.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















