Сиднейде акулалардын кол салуусунан улам 20 пляж жабылды
Сиднейдин түндүк жээгинде акулалардын чабуулу көбөйгөндүгүнө байланыштуу 20 пляж жабылды. Бул тууралуу 9News телеканалы билдирди.
Маалыматка ылайык, акыркы 48 сааттын ичинде 3 кол салуу катталып, жабыркагандардын баары аман калган.
18-январда шаардын чыгыш тарабындагы пляжда 12 жаштагы бала жабыркап, эки бутунан оор жаракат алган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, 19-январда акула 11 жаштагы баланын серфинг тактасын тиштеп алган. Бүгүн 20 жаштагы жигитке кол салуу болуп, ал бутунан жаракат алып, оор абалда ооруканага жаткырылды.
Маалым болгондой, акулалардын кол салуусу боорон-чапкындан жана нөшөрлөгөн жамгырдан кийин суунун агымы күчөгөн учурда болгон. Жергиликтүүлөргө сак болуу жана булганган суудан алыс болуу сунушталды. Ал эми Сидней бийлиги пляждарды жабуу чечимдерин үзгүлтүксүз кайра карап турарын билдирди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















