Кыргызстанда эт сатуу үчүн мобилдик пункттарды киргизүү пландалууда
Бүгүн, 20-январда "Кыргыз Агрохолдинг" ишканасы мобилдик эт сатуу пункттары долбоорунун презентациясын өткөрдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.Анда калкты сапаттуу эт азыктары менен социалдык баада камсыз кылууга багытталган пилоттук долбоор сунушталды. Анын алкагында заманбап мобилдик соода пункттарын (фудтрактарды) ишке киргизүү пландалууда.
"Бул демилге азык-түлүк жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, өндүрүүчүдөн керектөөчүгө түз жеткирүү механизмин түзүүгө шарт түзөт",- деп айтылат билдирүүдө.
Долбоордун ишке ашырылышы шаардын тургундарынын жана алыскы аймактардын жашоочуларынын эт азыктарына болгон жеткиликтүүлүгүн кеңейтип, ички рыноктун туруктуулугуна салым кошот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















