УКМК социалдык тармактарда улуттар аралык кастыкты козутууга шектелген жаранды суракка чакырды
Бүгүн, 20-январда УКМК социалдык тармактарда улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүүлөрдү жарыялаган 1989-жылы туулган З.Д. аттуу жаранга түшүндүрүү иштерин жүргүздү.Атайын кызматтын маалымат борбору билдиргендей, кармалган адам аталган аракеттерди мас абалында жасаганын жана келечекте мындай жагымсыз кесепеттерге алып келүүчү аракеттерди жасабай турганын билдирди.
Учурда анын билдирүүсүнө карата тиешелүү экспертизалар дайындалды, алардын жыйынтыгы боюнча кошумча чаралар көрүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















