Ошто бала бакчанын жаңы имараты пайдаланууга берилди
Бүгүн, 20-январда Ош шаарынын Масалиев көчөсүндөгү “Асан-Үсөн” бала бакчасына кошумча курулган 100 орундуу имараттын ачылыш аземи болду.
Саамалыкка мэр Жеңишбек Токторбаев, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, бала бакча жамааты жана ата-энелер катышты.
“Быйыл Ош шаарына республикалык бюджеттен мектептер жана бала бакчалар үчүн жалпы 1 миллиард 300 миллион сом бөлүнүп берилди”,- деп билдирди мэр.
Мэрия бул бала бакчанын имараты эскилиги жетип, оор шартта иштеп келгенин белгиледи. Мэрдин тапшырмасына ылайык “Асан-Үсөн” бала бакчасына кошумча 100 орундуу жаңы, заманбап имарат курулду. Ошондой эле эски имараты да толук оңдоп-түзөөдөн өтүп, терезелери жаңыланып, фасады оңдолуп, балдар ойноочу аянтчалар жана отургучтар орнотулду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:07
2026-02-12
18:54
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















