Баткен облусунун башчысы: “Алдыга жылалы, артка тартпагыла”
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун жетекчилигинде 20-январда координациялык кеңешме өттү. Анда коррупцияга каршы аракеттенүү, жер мунапысы жана аткезчиликке каршы күрөшүүнүн абалы тууралуу маселелер каралды.Маалыматка ылайык, өткөн жылы облус аймагында прокуратура органдары тарабынан 20 мыйзам бузуу учуру катталган болсо, анын ичинен коррупцияга байланышкан 11 кылмыш иши козголгон.
Облус башчысы жетекчилерди мыйзамсыз иштерден оолак болууга чакырып “облусту алдыга жылдыралы, артка тартпагыла, зор жоопкерчилик менен таза иштеп бергиле” деп эскертти.
Жер мунапысын ишке ашыруу боюнча ушул жылдын 19-январына карата комиссияга 12 024 арыз түшкөн. Анын ичинен:
- Чечим чыккан арыздар 7812.
- Кайтарылган арыздардын саны 2455.
- Кароодо турган арыздар 4.
- Шахмат тартибинде жайгашкан жерлер 2395.
- Соттук кароодо 3 арыз бар.
Облус башчысы жер мунапысы боюнча бир катар жетекчилердин ишин сынга алды. Ал жергиликтүү бийлик органдары менен укук коргоо органдары биргеликте элдин жер мунапысына байланыштуу маселелерин чечүүнү аягына чыгарууну талап кылды.
Аткезчиликтин алдын алуу багытында Баткен районунун аймагына коюлган Развилка мобилдик постунан, жыл башынан бери Баткен жана Лейлек районунун аймагына 1206 баш мал өткөн. Облус башчысы бул жаатта мыйзамсыз иш-аракеттерди токтотуу боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:19
2026-02-13
12:9
2026-02-13
11:05
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















