Свежий, кузов... Кыргызча түз которулбаган орус сөздөрү
Күнүмдүк турмушта кадимкидей колдонула берген, бирок орусчадан кыргызчага так которулбаган сөздөр көп. Макалада алардын табиятын төмөнкү сөздөрдүн мисалында ачып берели.
СВЕЖИЙ
Көп колдонулган орус сөзү, бирок бир сөз менен так которууга мүмкүн эмес. Мааниси - жаңы, жакында алынган же даярдалган, бузулбаган, эски эмес, таза деген маанини билдирген сын атооч. Мисалы, жаңы нан, жаңы маалымат, таза аба, жаңы күч, жаңы жүз, жаңы из, жаңы боёктор дегенди да билдириши мүмкүн.

ТОСКА
“Тоска” сөзүн кыргызча чечмелесек, бул өзүнө же жашоодогу кайсы бир кырдаалга, окуяга болгон катуу нааразылыктан келип чыккан, көп учурда каалаган нерсесине жетпей калган, күткөн, сагынган эскерүүлөрү менен байланышкан сезим. Ошондой эле зеригүү, апатия, алтургай депрессиянын симптомдору катары көрүнүшү мүмкүн болгон оор, эзүүчү психикалык тынчсыздануу, кайгыруу, көңүл чөгүү абалы. Бул адам бир нерсени каалап, ал каалаган нерсеге жетүүгө мүмкүн эмес экенин сезген абалды сүрөттөгөн өзгөчө орусча түшүнүк.
Мисалы: “Күүгүмдүн келиши менен шаар да бозоруп жашоонун кызыгы кете түштү. Сен барда шаар көркөмүн жоготчу эмес...”
“Эски сүрөттөрдү карап отуруп балалыктын өтө эле алыста калганы сезилип, жүрөгү кысылып кетти...”
“Бул жерде кызыктуу эч нерсе жок экен го, зериккенден башка айла жок...”

УЮТ
Айтылышы кыска болгону менен, мааниси жагынан бир нече жагымдуу түшүнүктү камтыган орус сөзү. Кыргызчага которгондо жайлуулук, тынчтык, жашоонун ыңгайлуулугу, коопсуздук, бейпилдик, жагымдуу жана тынч жашоону билдирген сонун маанини түшүндүрөт. Мисалы: “Чакан болсо да ыңгайлуу, жайлуу үйүнө келгенде өзүнүн ордун тапкандай эс ала түштү”.
“Башкалардан таппаган бейпилдикти, тынчтыкты сенден гана таптым”.
“Күңүрт бөлмөдө бүлбүл жанган бир шам үйгө жылуулук, жарык чачып турду”.

ОКРЫЛЁННЫЙ
Бул сөздүн эки мааниси бар. Өтмө маанисине көз салсак, шыктанган, рухий жактан көтөрүлүү абалындагы, эргүү келген, канат алган сыяктуу маанини билдирет. Ал эми түз, сөзмө-сөз биологиялык маанисинде канаты бар жаныбарларга колдонулат.
Өтмө маанисинде мисал кылсак:
- “Жаңы идеялар башыма батпай, жумушка кантип учуп жеткенимди өзүм да билбей калдым”.
- “Кубанычка, үмүткө жетеленген бала жүзүндөгү жылмаюусун ката албай уйкуга кетти”.
- “Алыстан келген жакшы кабар баарына дем бергенсиди”.
Түз маанисинде: “Окумуштуулар канаттуу чегиртке личинкасы кайсы өсүмдүктөр менен тамактанарын изилдеп чыгышты”.

САМОДУР
Өзүнүн дарегине “самодур” сөзү айтылса, демек, ойлонууга негиз бар. Анткени бул сөздүн мааниси жагымсыз. Мындай адамдар бир гана өз каалоосу менен эсептешет, өзүм билемдиги жогору, башкалардын пикири жана сезими менен эсептешпей, көп учурда аларды кемсинткен, кемсинткенден ырахат алган адам. Көп учурда физикалык күчүн, байлыгын, бийлигин же кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган адам. Синоним катары “деспот, тиран” деген сөздөр колдонулат.
Мисалы: “Менден кетсең каякка барасың, кимге батасың?! Кеткен күндө да сени жөн койбойм!”,
“Жумуштан куудубу? Кууду. Эмнеге? Ага бүгүнкү күлгөнүм жакпай калыптыр...”

ТРЕПЕТ
Коркуу, ырахат алуу, кубануу же күтүү сыяктуу терең сезимден улам келип чыккан күчтүү эмоционалдык толкундоо (физикалык жактан денени майда калтырак басуу байкалат). Айрым күчтүү эмоциялар жаралган учурда дененин бир аз титирөөсүнөн баштап, жан дүйнөдө да түшүнүксүз бир титирөө сезим болуп жаткандай абалга туш болушу мүмкүн. Мына ушул абал орус тилинде “трепет” сөзү менен түшүндүрүлөт. Бул сөздү физикалык мааниде да кыймылга байланыштырып да колдонушат.
Мисалы: “Терезеден жалбырактардын шуулдап термелгени күздүн босогодо турганын кабарлагансыйт”.
Эмоционалдык абалды чагылдырган мисал: “Алыстан анын карааны көрүнгөндө эле денесин майда калтырак басты...”

СУЕТА
Пайдасыз, максатсыз убаракерчилик, маанисиз ызы-чуу, шашылыш жана баш аламан кыймылдар, жөнү жок ары-бери чуркоо сыяктуу кыймыл-аракеттерди түшүндүргөн орус сөзү.
Бул кадимки күнүмдүк шашылыш көз ирмемдер: майрамдык ызы-чуу, бир жерге кечигип жатканда максатсыз, олдоксон, баш аламан кыймыл-аракеттер болушу мүмкүн.
Диний мааниде: Жер жүзүндөгү бардык нерсе түбөлүктүү баалуулукка ээ эмес делет.
Психологиялык мааниде: Алсыздык, коркуу жана чечимдерди кабыл албоо реакциясы, маанисиз иш-аракеттерге алып келет.
Мисалы: “Бүгүнкү таң да ызы-чуу менен башталды, бирибиз ойгоно албай, бирибиз байпак таппай, бирибиз ачкыч жоготуп...”
“Жашоодогу максатсыз кыймыл-аракеттер чыныгы жашоонун бактысына жетүүгө тоскоол болот”.
“Бөлмөдөгү ашыкча кыймылдар, үндөр жумуштан алаксытып жатты”.

ОБАЯНИЕ
Бул адамдын өзгөчө жагымдуу күчү, анын сырткы келбетинин, жүрүм-турумунун, кичи пейилдигинин, интеллектинин жана башка жагымдуу сапаты, кыймыл-аракети менен башкаларды суктандыруу, багынтуу жана жагуу жөндөмүн билдирген орус тилиндеги сөз. Мисалы: “Анын баарын өзүнө тарткан сыйкырдуу күчү – акылы менен жөнөкөйлүгүнүн айкалышында эле”.
“Сенин таасириңе киргенден кийин сөзүңдөн чыга албай калдым”.

КУЗОВ
“Кузов” терминин которбой эле кеңири колдонуп жүрөбүз. Анткени бул сөздүн да түзмө-түз котормосу жок. Мааниси – айдоочуну, жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү жайгаштыруу жана аларды тышкы факторлордон коргоо, ошондой эле бардык агрегаттарды бекемдөө үчүн арналган транспорттук каражаттын (жеңил автоунаа, автобус, жүк ташуучу унаа жана башка) негизги, тышкы жана ички бөлүгү болуп саналат.

Жыйынтыктасак: Бул сөздөр пикир алышууда адамга тоскоолдук жаратпайт. Ошол себептүү маанисине карап ыңгайы келген үчүн колдонулуп жаткан чыгар. Тил илиминин канчалык терең жана кенен экенинин далили десек да болот.
кошулду
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















