"Эс ала турган жерди көрсөтүп кой..." Кайталанган мас айдоочулардын жоруктары (видео)
Милициянын кайгуул кызматы мас абалында унаа башкарган жана талаптарга баш ийбеген айдоочу кармалганын билдирип, видеосун жарыялады.
Маалым болгондой, 102 кызматына Ахунбаев жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан гипермаркеттин жанында Hyundai Palisade үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу мас абалында дагы спирттик ичимдик ичип жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул факт боюнча жол тескөөчүлөр жерине барып, видеокөзөмөл менен айдоочу унааны мас абалында башкарганын аныкташты.
Анын шериктери милиция кызматкерлеринен эс алуучу жайларды көрсөтүп коюусун талап кылышып, кайым айтышууга чейин барышты.
Текшерүү учурунда айдоочу мыйзамдуу талаптарга баш ийбей, унаанын ачкычтарын берүүдөн баш тарткан. Ага байланыштуу унаа эвакуатор аркылуу айып короого жеткирилди.
Айдоочуга карата укук бузуу жөнүндө протокол түзүлдү.
Кайталанган мас айдоочулардын жоруктары
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















