super.kg logo

Казакстанда жаңы парламенттин аталышы "Курултай" деп өзгөртүлүүдө (видео)

 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Улуттук Курултайдын жүрушүндө жаңы парламентти "Курултай" деп атоону сунуштап, анын түзүмүнүн негизги параметрлерин белгиледи. Бул тууралуу Kazinform агенттиги маалымдайт.

Маалыматта өлкө башчысы депутаттардын санын көбөйтүүгө зарылчылык жок экенин белгилеп, парламентте чыныгы патриоттор жана жогорку квалификациялуу адистер иштеши керектигин билдирген.

"Жалпы мандаттардын саны 145 болушу керек. Төраганын орун басарларынын саны үч, ал эми комитеттердин саны сегизден ашпоого тийиш", - деген президент.

Токаевдин айтымында, парламенттин жаңы түзүмү мыйзам чыгаруу органынын ишинин натыйжалуулугун камсыздап, өлкөнүн өнүгүүсүндөгү артыкчылыктуу маселелерге көңүл бурууга мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле жаңы парламент беш жылдык мөөнөткө шайланат.






Казакстанда жаңы парламенттин аталышы "Курултай" деп өзгөртүлүүдө

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: