super.kg logo
  Спорт  

Кыргызстандын дзюдо боюнча чемпиондугу Ошто өтөт

 
Ош шаарында 23-25-январь күндөрү Кыргызстандын дзюдо боюнча чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жарыя таратты.
Ага ылайык, мелдеште кыз-келиндер 48, 52, 57, 63, 70, 78 килограммга чейинки жана +78 килограммдан жогору салмак категорияларында күч сынашат. Ал эми эркектер 60, 66, 73, 81, 90, 100 килограммга чейинки жана +100 килограммдан жогору салмак ченинде беттешет.
Иш-чаранын негизги максаты — бул жылга карата Кыргыз Республикасынын эркектер жана кыз-келиндер арасындагы улуттук курама команданын курамын түзүү жана аныктоо.
Аталган чемпиондук өкмөткө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин колдоосу менен, Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргызстандын улуттук дзюдо федерациясы тарабынан уюштурулууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: