super.kg logo

Газа боюнча Тынчтык кеңеши: Өзбекстан Трамптын чакыруусун кабыл алды

 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев АКШнын лидери Дональд Трамптан Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу боюнча эл аралык демилгеге кошулуу боюнча расмий чакырууну алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Шерзод Асадов кабарлады.

Маалыматка караганда, Өзбекстанга Тынчтык кеңешине негиздөөчү мамлекет катары кошулууга сунуш берилди.

Чакырууда демилге 2025-жылдын 29-сентябрында жарыяланган Газадагы чыр-чатакты токтотуу боюнча пландын негизинде түзүлгөнү белгиленди. Бул план дүйнөлүк лидерлер тарабынан колдоого алынып, 2025-жылдын 17-ноябрында БУУ Коопсуздук кеңешинин №2803 резолюциясы менен бекитилген. Демилгенин негизги максаты Тынчтык кеңешин түзүү.

Мирзиёев америкалык кесиптешине жооп катын жиберип, кошулууга даяр экенин билдирди.

Эскерте кетсек, Трамп Газадагы Тынчтык кеңешин түзүүнү 2026-жылдын 16-январында жарыялаган. Бул уюм президенттин Газадагы тынчтык планынын бир бөлүгү болуп, анда эл аралык күчтөрдү жайгаштыруу каралган.

Bloomberg кабарлагандай, америкалык администрация кеңеште туруктуу орун алгысы келген мамлекеттерден кеминде 1 миллирад доллар салууну сураган. Ал эми уюмдун жобосуна ылайык, төрага Трамп. Ал чечимдерди кабыл алууда кимди кошууну же кошпоону чечет, ошондой эле көпчүлүк добуш менен кабыл алынган чечимдерди бекитип же четке кагуу укугуна ээ.

Мурдараак казак президенти Касым-Жомарт Токаев да Трамптан ушундай чакырууну алган.

Москванын маалыматына караганда, АКШ ошондой эле Орусия президенти Владимир Путинге да чакыруу жөнөткөн. Бирок Путин сунуштун жообун бере элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: