Январда тайгак жолдон 200дөн ашык адам жаракат алды
Спорттук-реабилитациялык борбордун жаракаттар пунктунун маалыматына ылайык, ушул жылдын 1-19-январь күндөрү тайгак жолдун кесепетинен 295 адам жаракат алып, медициналык жардамга кайрылды.Алардын ичинен 227 учурга сынуу диагнозу коюлуп, дагы 68 кайрылуу көгала жана чоюлуп кетүүлөр менен байланыштуу болгон. Сынык менен кайрылган бардык бейтаптарга гипс салынган.
Медициналык адистердин айтымында, жаракат алуунун негизги себеби — тайгак тротуарларда, тепкичтерде жана жөө өтмөктөрдө жыгылуу. Ушуга байланыштуу жарандарга тайгак жолдо жүрүүдө өзгөчө сак болуу сунушталат.
"Жаракат алган учурда өз алдынча дарыланууга болбойт. Дароо медициналык жардамга кайрылуу зарыл",- деп эскертти Саламаттык сактоо министрлиги.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















