super.kg logo

Кызыл-кыялык окуучу АКШдагы эл аралык олимпиадада 1-орунду алды (видео)

 

АКШнын Лос-Анджелес шаарында 10-январда өткөн XCEL (Xtraordinary Challenge in Education and Learning) эл аралык математика олимпиадасында кыргызстандык окуучу ийгиликтүү жыйынтык көрсөттү. Бул тууралуу Turmush маалымдайт.

Аталган олимпиадага 40 мамлекеттен келген окуучулар катышып, алардын арасынан Кызыл-Кыя шаарынан барган 4-класстын окуучусу Беккан Аллабердыев биринчи орунду ээлеген. Маалыматка ылайык, Баткен облусунан бул мелдешке жалгыз Беккан катышкан.

Анын апасы Элнура Абдылбасы кызынын айтымында, Беккан буга чейин да Түркия жана Өзбекстанда өткөн менталдык арифметика боюнча мелдештерде алдыңкы орундарды алган. Учурда ал Кызыл-Кыя шаарындагы “Light Academy” мектебинин 4-классында окуйт.

"Уулум 6-январда АКШга олимпиадага катышуу үчүн жөнөп кеткен. 10-январда өткөн мелдеште 40 мамлекеттен келген окуучулардын арасынан биринчи орунду алды. Март айында Сингапурда өтө турган олимпиадага да катышууну пландап жатабыз. Уулум математикага жана менталдык арифметикага абдан кызыгат", - деп билдирген апасы.






Кызыл-Кыялык окуучу АКШдагы эл аралык олимпиадада 1-орунду алды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: