Кыргыз тилин шылдыңдаган видео боюнча текшерүү башталды
Социалдык тармактарда кыргыз тилин шылдыңдаган видео жарыяланып, коомчулукта талкуу жаратты.
Аталган факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталгандыгын Бишкек шаарынын ИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ИИМдин экстремизмге каршы кызматкерлери жана УКМК менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам иштердин жүрүшүндө видеодогу жарандардын өздүгү аныкталып, алар тергөө кызматына жеткирилген. Учурда алардын аракеттерине укуктук баа берүү үчүн соттук лингвистикалык экспертиза дайындалды.
Экспертизанын жыйынтыгына жараша мыйзам чегинде чечим кабыл алынат. Бишкек шаарынын ИИББи жарандарды мамлекеттик тилди жана коомдук адеп-ахлак нормаларын урматтоого чакырат.
Кыргыз тилин шылдыңдаган видео боюнча текшерүү башталды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(2)
ibro80
21.01.2026. 08:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаза бериш керек жөн эле кечирим суратып коё бербей
munar1980
21.01.2026. 09:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эки эмес 7 ойлонуп анан сюйлөбөй эле калсаңар керек
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















