Токмокто өспүрүм кызды уурдап, кыйноого алган шектүүлөр камалышты
Чүйдө жашы жете элек кызды уурдап, кол салууга аракет кылган эркек киши менен аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда облустук милиция билдирди.Маалым болгондой, 18-январда Токмок милициясына 2008-жылы туулган жашы жете элек кыздын апасы арыз менен кайрылган. Анда 17-январда болжол менен саат 21:00 чамасында шаарагы "Атаке" дүкөнүнүн жанынан 2008-жылы туулган И.Т. аттуу жашы жете элек кызын Э. жана А. аттуу чала тааныш адамдар уурдап кеткенин айткан. Андан ары Hyundai Grandeur үлгүсүндөгү унаага кызды күч колдонуу менен отургузуп, эркине каршы ар кайсы жерлерге алып барып, денесине залал келтирип, курч нерсе менен сайышып, муунтушканын айткан. Андан соң кызды Чүй айылында жайгашкан "Жаннат" мейманканасынын жанына таштап кетишкен.
Бул факт боюнча материал каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Адам уурдоо) боюнча кылмыш иши козголду. Кылмышка шектелип 1993-жылы туулган А.Э. жана 1994-жылы туулган А.А. аттуу жарандар кармалды.
Учурда алар убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөө уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















