super.kg logo

Орунтаев министрликтин кызматкерлеринин айлыгы боюнча түшүндүрмө берди

 
Курулуш министри Нурдан Орунтаев социалдык тармактарда талкуу болгон министрликтин кызматкерлеринин айлыктары боюнча түшүндүрмө берди. Бул боюнча ал Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.
Айтымында, министрликте орточо айлык акы 150 миң сомду түзөт.
"Биздин бардык департаменттерибиз өзүн-өзү камсыздоо механизми менен иштеп келет. Бизде орточо айлык маяна 150 миң сом, ал эми кээ бир департаменттерде 500 миң сомго чейин айлык алат. Тагыраак айтканда, ким кандай иштесе, ошончо айлык алат.
Биздин кызматкерлер - иш издеген кызматкерлер. Айтайын дегеним, биздин кызматкерлер тар профилдүү кызматкерлер.
Көпчүлүгү архитектор, куруучу, конструктор, инженерлер жана алардын эмгеги эмгек базарында талаштуу. Бул кызматкерлер көп кабаттуу, оор инженердик объекттердин курулушунун тийиштүү документтерин жана долбоорлорун текшерип, ошол объекттерге жооп берүүчү кызматкерлер. Ошол себептен алар ушундай айлык маяна алышат",- деген Орунтаев.
Ошондой эле министр тийиштүү билими бар адистерди министрликке ишке чакырып өткөн.





Орунтаев министрликтин кызматкерлеринин айлыктары боюнча түшүндүрмө берди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: