super.kg logo

Чүйдө күйүп кеткен унаадан эркек киши менен 16 жаштагы кыздын сөөктөрү табылды

 

Чүй облусунун Москва районунда Volkswagen Golf-3 үлгүсүндөгү унаа күйүп кеткен. Анын ичинен 26 жаштагы эркек кишинин жана 16 жаштагы окуучу кыздын сөөктөрү табылганын облустук милициядан билдиришти.

Милициянын маалыматына ылайык, унаа Спартак айылынын чыгыш четинде, көлдүн жанындагы ээн талаадан табылды. Унаа толугу менен күйүп кеткен. Каза болгондор 2000-жылы туулган О.Э. жана жүргүнчүсү Т.С. аттуу 10-класстын окуучусу экени аныкталды.

Кошумчалангандай, айдоочу унааны 11-январда сатып алып, эки күндөн кийин чырактарындагы мүчүлүштүккө байланыштуу электрикке кайрылган. Адис унаанын техникалык абалы начар экенин, зымдардын ачык калганын, салондон бензиндин жыты чыгып, түтүн байкалганын эскерткен.

Учурда тиешелүү текшерүү иштери жүрүп, экспертизалар дайындалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: