super.kg logo

Бишкекте жана Казакстанда вебкам студияларын уюштургандар кармалышты (сүрөттөр)

 

Бишкекте жана Казакстанда вебкам студиялар тармагын уюштурган адамдардын тобу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда УКМКнын маалымат борбору билдирди.

Маалым болгондой, атайын кызмат Биринчи Май райондук милициясы менен биргеликте интернет аркылуу сойкулук жана бузукулук иштерин уюштурган жана ага көмөктөшкөн А.А., Б.Б., Э.А. жана О.Э. аттуу жарандарды кармады. Уюшкан топтун мүчөлөрү жашыруун маалыматты сактоо жана мыйзамсыз иш-аракеттерин жашыруу максатында Бишкектин ар кайсы райондорунан батирлерди ижарага алып жашагандыгы аныкталды.

Кармалгандардын бардык турак жай даректеринде дароо тинтүү иштери жүргүзүлүп, веб-камералар, жарык берүүчү, компьютердик жана башка техникалык жабдуулар, эротикалык кийим жана атрибуттар, сексуалдык мүнөздөгү онлайн берүүлөрдү жүргүзүүгө арналган буюмдар табылды.

Мындан тышкары, аталган адамдардын тобу негизинен вебкам кызматтарын көрсөткөн интернет-платформаларда онлайн берүүлөрдү жүргүзүп, ал жерден кылмыштуу кирешелер алардын “Binance" крипто капчыктарына которулган.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: