Курал-жарактар, ок-дарылар алынып... Бишкекте "Арсенал" иш-чарасы жүргүзүлүүдө
Бишкек шаардык милициясынын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан "Арсенал" аталышындагы ыкчам-профилактикалык иш-чара өткөрүлүүдө.
Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, анда мыйзамсыз куралдарды, ок-дарыларды жана жардыруучу заттарды сактоо, алып жүрүү жана колдонуу фактыларынын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш алып барылууда.
Иш-чарага 8 мобилдик топ тартылып, жалпысынан 20дан ашык кызматкер катышууда. Алгачкы күндөрү 1000ден ашык унаа текшерилип, ар кандай укук бузуулар үчүн 200дөн ашык жаран административдик жоопкерчиликке тартылды.
Текшерүүлөрдүн жана кароолордун жүрүшүндө төмөнкүлөр аныкталып, алынды:
- Пневматикалык тапанчалар,
- Жылмакай ооздуу ок атуучу куралдар,
- Тапанчанын муляждары — жалпысынан 9 даана,
- 20 даана ок-дары.
Борбор калаанын аймагында коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралар улантылууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















