super.kg logo

Трамптын билдирүүлөрүнөн кийин Гренландияда коопсуздук маселеси курчуду

 

АКШнын президенти Дональд Трамптын коркутууларынан кийин Гренландиянын тургундары жана бийлиги мүмкүн болуучу аскердик кийлигишүүгө даярданышы керек. Бул тууралуу Гренландиянын премьер-министри Йенс-Фредерик Нильсен билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

"Аскердик күч менен коргонуу ыктымалдыгы төмөн, бирок аны толук четке кагууга болбойт. Бул тууралуу каршы тарап ачык билдирди. Гренландия бардык мүмкүн болгон даярдык планында болушу керек",- деди Нильсен Нуук шаарында өткөн басма сөз жыйынында.

Премьер-министр Гренландия НАТОго мүчө экенин жана кандай гана чыңалуу болбосун, анын кесепети бүткүл дүйнөгө таасир этерин эскертти.

Гренландия - Даниянын автономдуу аймагы.

Айта кетсек, Трамп буга чейин бир нече жолу АКШнын Гренландияга болгон кызыкчылыгы бар экенин билдирген. Ал эми Гренландиянын бийлиги арал АКШнын курамына кирүүнү каалабай турганын маалымдаган. Ак үй ал өлкөнү сатып алууну сунуштаган, ошол эле учурда күч колдонуу мүмкүнчүлүгүн да четке каккан эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: