Бишкекте зордуктоо менен коркутуп акча опузалаган милиция кызматкери шериги менен кармалды (видео)
Бишкекте жарандан ири суммада акча алып жаткан жеринен милиция кызматкери жана анын шериги кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, 17-январда Т.А. аттуу жаран жана Октябрь райондук милиция бөлүмүнүн А.Э. аттуу кызматкери Ч.М. аттуу жарандан 350 миң сом өлчөмүндө акча алып жатканда кармалышты. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту (Опузалап акча талап кылуу) менен кылмыш иши козголду.
Тергөөгө ылайык, Т.А. аттуу аял Ч.М. аттуу жаранды зордуктадың деп шантаж кылган. Бул иште Т.А. милиция кызматкери Э.А. менен алдын ала сүйлөшүп алып, Ч.Мдан акча өндүрүүнү көздөшкөн.
Ленин райондук сотунун чечими менен Э.А. жана Т.А. УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.
Бишкекте зордуктоо менен коркутуп акча опузалаган милиция кызматкери шериги менен кармалды
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















