"Бир анализ тапшыруу 5 миң сом". Депутат ооруканалардагы абалга токтолду (видео)
Бүгүн, 21-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков учурдагы ооруканалардын абалына токтолду.
Эл өкүлүнүн айтымында, мамлекеттик ооруканаларда көпчүлүк анализдерди тапшыруу мүмкүнчүлүгү жок, мындан улам жарандар көп каражат төлөп, жеке клиникаларга кайрылышууда.
"Акыркы күндөрү оорулардын саны, ага туш болгон жарандар көбөйүүдө. Мамлекеттик ооруканаларда белгилүү гана анализдерди тапшырууга болот. Ал эми керектүү анализдерди тапшырууга лабораториялар таптакыр жок же жетишсиз. Айласыздан мамлекеттик мекемедеги дарыгерлер жеке клиникаларга жөнөтүшөт. Ал жакта бир анализ тапшырууга 500 сомдон 5000 сомго чейин акча керектелет. Эгер бир нече анализ тапшыруу керек болсо, мамлекеттик мекемеде иштеген жарандын акчасы жетпейт. Азыр айлык акы жогорулаганы менен аны дары-дармекке эле кетирип жатышат.
Саламатык сактоо министрлигинен акчаны аябаш керек. Жер жерлердеги ооруканалардын абалын көрүп жатабыз, заманбап жабдуулар, дары-дармек жок. Анализдерди мамлекеттик мекемелер текшерсе, жарандар жеке клиникаларга барышпайт эле",- дейт Өмүрзаков.
Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков
Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















