super.kg logo

Трамп сунуштаган Тынчтык кеңешине катышууга 10дон ашык өлкө макул болду

 

АКШнын президенти Дональд Трамп сунуштаган Тынчтык кеңешине кошулуу боюнча келишимге 10дон ашык өлкө кол койгонун CBS News телеканалы жеке булактарга шилтеме билдирди.

CBS News азырынча чакырууну 5 гана өлкө ачык кабыл алганын тактады. Алар БАЭ, Беларус, Марокко, Венгрия жана Канада. Ак үй өлкөлөр катышуусун 3 жылдан туруктуу мүчөлүккө узартуу үчүн 1 миллиард доллар салым кошо аларын билдирди. Телеканалдын булактарынын биринин маалыматы боюнча, кээ бир өлкөлөр бир топ аз, балким, 20 миллион доллардын тегерегинде салым кошот.

АКШнын бир кызматкери Газа тилкесин калыбына келтирүү үчүн каражат чогултуу өзүнчө аракет болорун айткан. Дагы бир булак Трамп бейшемби күнү Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумда кеңешти түзүү боюнча келишимге кол коюу аземин өткөргүсү келерин билдирген.

Франция учурда АКШга оң жооп кайтаруу ниетинде эмес деген маалыматтар чыкты. Ошол эле учурда Financial Times Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер дагы кеңештен чыгууну пландап жатканын билдирди.

Андан тышкары, Улуу Британиянын премьер-министри Орусиянын президенти Владимир Путиндин кеңешке чакырылышына тынчсызданууда.

Дүйнө жүзү боюнча 60ка жакын лидер кеңешке чакыруу алды. Алардын айрымдары негиздөөчү мүчө катары. Чакырылгандардын арасында Орусия, Беларус, Венгрия, Италия, Бразилия, Индия жана Түркиянын лидерлери бар. Трамп кеңештин биринчи төрагасы болду.

Уюм ошондой эле Газа тилкесинин аткаруу комитетин жана аткаруу кеңешин камтыйт. Анклавды башкаруу милдети жүктөлгөн Газа тилкесин башкаруу боюнча Палестинанын улуттук комитети да кеңештин жетекчилиги астында иштейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: