super.kg logo

Бишкекте жалгыз бара жаткандарды тоноп жүргөндөр аныкталышты

 

Бишкекте жарандарды тоноп келишкен деген шек менен 19, 17 жана 15 жаштагы жарандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда борбор калаа милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, алар 12-январда түнкү саат 02:00 чамасында Горький көчөсүнөн жарандын баасы 60 сомдук iPhone 13 Pro Max үлгүсүндөгү телефонун тартып алышкан. Тоноого кабылган жаран арыз менен милицияга кайрылган.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр 2 айга камакка алынышты.

Тергөөдө алардын буга чейин да бир нече жарандын телефонун тартып алышканы аныкталды. Шектүүлөр унаага жасалма мамлекеттик номурларды тагып алышып, көчөдө жалгыз бара жаткан жарандарды тоноп жүрүшкөн. Кармалгандан кийин милицияга 4 телефонду өткөрүп беришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: