super.kg logo

Екатерина Биволго козголгон кылмыш иши боюнча сот жыйыны январдын соңунда өтөт 

 

Бокс боюнча дүйнө чемпиону Дмитрий Биволдун мурдагы жубайы Екатерина Биволго карата козголгон кылмыш ишинин сот жараяны 29-январда өтөт. Ага "эл алдында улуттар аралык кастыкты козуткан" жана "адамдык ар-намысты басмырлаган" деген айыптар тагылган.

Белгилүү болгондой, Санкт-Петербург шаарынын Ленин райондук соту Екатерина Биволдун кыргыздар менен казактар тууралуу айткан видеосу үчүн иш козгоп, чара көрө турганын билдирген.

"Биволдун айткандарына талдоо жүргүзүүгө ылайык, анын билдирүүлөрүндө улуттун тили жана теги боюнча терс баа берилген. Баа берүү кемсинтүү жана уят сөздөр менен коштолгон. Ал жарыялаган материалда адамдарды бир топтон экинчисин артык көрүү айтылган",- деп билдирген райондук сот.

Биволго карата козголгон кылмыш иши боюнча ага
ири өлчөмдө айып пул салынышы же административдик камакка алуу чечими чыгышы мүмкүн.

Эске салсак, буга чейин интернет тармагында Екатерина Биволдун ар кандай улут өкүлдөрүнө карата кемсинткен сөздөрдү айткан видеосу тараган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: