ЖЫЛНААМА: Бүгүн белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалилов тирүү болгондо 51 жашка чыкмак
Бүгүн, 21-январда белгилүү дин аалымы, коомдук ишмер Чубак ажы Жалилов көзү тирүү болгондо 51 жашка чыкмак. Ал 1975-жылы 21-январда Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында туулган. Атасы Жалилов Тажибай математика мугалими, апасы Сакыева Гүлжамал англис тили боюнча мугалим болгон. Чубак ажы Жалилов үй-бүлөдө алты бир туугандын экинчиси болгон. Үч уул, үч кыздын атасы.

Чубак ажы Жалилов 1992-1996-жылдары Азирети Умар атындагы Кыргызстан Ислам университетинде, 2000-2002-жылдары Сауд Арабиясындагы "Умм аль-Куро" эл аралык университетинин алдындагы Араб тили институтунда, 2002-2006-жылдары аталган университетте фикх боюнча билим алган. Орто мектепти алтын медаль менен, ал эми жогорку окуу жайларды кызыл диплом менен бүтүргөн. Эне тилинде жана орус, араб тилдеринде эркин сүйлөгөн.
Чубак ажы Жалиловдун эмгек жолу 1995-1998-жылдары Кыргыз улуттук университетинин чыгыш таануу факультетинде араб тили сабагынан мугалим болуу менен башталган. Ал эми 2005-2007-жылдары Бүткүл дүйнөлүк ислам лигасынын Орто Азия боюнча эксперти, 2008-2010-жылдары Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында фатва бөлүмүнүн жетекчиси, ошол эле жылдары Азирети Умар атындагы Кыргызстан Ислам университетинде мугалим болуп эмгектенген.
Чубак ажы Жалилов 2010-2012-жылдары Кыргызстандын муфтийи кызматын аркалаган. Муфтий болуп иштеп турган убагында коррупцияга каршы бир топ реформаларды жасаган. Андан сырткары, диний билим берүү тармагын жана КМДБнын, Уламалар кеңешинин, муфтийдин, казылардын, башкы имам хатибдердин билимдерин, милдеттерин, жоопкерчиликтерин шариатка жана мыйзамга туура келе тургандай кылып реформалоодо бир топ салым кошкон. Чубак ажы Жалилов фикх (шариат мыйзамдары, укук), араб тилинин грамматикасы, тафсир (Куран аяттарына түшүндүрмө берүү жана комментарийлөө), хадис терминологиясы жана хадис таануу илимдери боюнча окутууга, чечим (фатва) чыгарууга уруксаты бар документтердин ээси.

Ал коомдо кызуу талкуу жараткан бир катар билдирүүлөрү менен да белгилүү. Анын өзгөчөлүгү деп өздүк 3 бөлмө китепканасы, башкача айтканда, 5 тоннадай китеби бар экендигин айтууга болот. Бир жолу унаасын сатып, акчасына чет өлкөдөн 1 тонна 700 килограмм салмакта китептерди алдырткан. Бир күндө адабий китептерден 500 беттей окуган. Китеп окуп, маселенин чечимин издегенди, анализдегенди жактырган жана убактысынын көп бөлүгүн ушул ишке арнаган.
2020-жылы коронавирус илдетинин жайылышынан кыргыз эли бир топ көрүнүктүү инсандарын жоготту. Чубак ажы Жалилов эки тараптуу пневмония илдетине чалдыгып, 2020-жылдын 11-июлунда каза болуп, Кыргыз эли орду толгус оор жоготууга учураган.
21-январга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:07
2026-02-12
18:54
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















