super.kg logo

Бишкекте каракчылыкка шектелген жаран кармалды (видео)

 

Бишкек шаарында каракчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу 21-январда Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Н.Б. аттуу жаранды чала таанышы бычак менен коркутуп, iPhone 15 Pro Max үлгүсүндөгү эки уюлдук телефонун жана 20 000 сом акча каражатын тартып алып, белгисиз тарапка из жашырып кеткен.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Талап-тоноо) менен кылмыш ишин козголду. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1989-жылы туулган М.Ф. аттуу шектүү кармалды. Кармоо учурунда андан iPhone 15 Pro Max үлгүсүндөгү уюлдук телефон табылып, экинчи телефон 18 000 сомго сатылганы аныкталды.

Учурда тергөө иштери улантылууда.






Бишкекте тоноочулукка шектелген жаран кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: