super.kg logo

Таласта 1 миллиард сомго төө буурчакты кайра иштетүүчү завод курулат (видео)

 

Талас облусунда 1 миллиард сомго төө буурчакты кайра иштетүүчү завод курулат. Бул тууралуу бүгүн, 21-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов билдирди.

Анын маалыматына караганда, быйыл фермерлерден төө буурчак сатып алуу үчүн мамлекеттин эсебинен 100 миллион сом бөлүнгөн.

"Талас облусундагы фермерлерди колдоо жана бааларды турукташтыруу максатында төө буурчактарды сатып алууга 100 миллион сом каралган. Бөлүнгөн каражаттын эсебинен фермерлерден 95 сомдон төө буурчактар сатылып алынды. Мындан тышкары, президенттин тапшырмасы менен төө буурчак маселесин чечүү үчүн мамлекеттик деңгээлде төө буурчак кабыл алуу пунктарын түзүү жана төө буурчактарды кайра иштетүүчү завод курууга 1 миллиард сомдук долбоор түзүү тапшырмасы берилген",- деп маалымат берди Абытов.






Таласта төө бурчакты кайра иштетүүчү завод курулат

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: