super.kg logo

Бишкекте "Туткун" тасмасынын бет ачары өтөт

 

Бишкекте 24-январда режисcёр Темир Бирназаровдун "Туткун" толук метраждуу тасмасынын бет ачары өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.

Иш-чара "Ала-Тоо" кинотеатрында өтүп, саат 14:00дө башталат.

Фильмде Улуу Ата мекендик согушта туткунга түшкөн кыргыз жоокери менен немис улутундагы медайым Гретанын тагдыры баяндалат. Согуштан кийин жубайлар Германияда жашап калышат. Башкы каарман өмүр бою мекенине болгон сүйүүсүн сактап, туугандарына кат жазып турат, бирок жооп ала албайт. 43 жылдан кийин келген кат аны чыккынчы катары айыптап, мекенинде эч ким күтпөгөнү белгилүү болот. Бул кат каарман үчүн оор руханий сокку болуп, кийин анын КГБ тарабынан жасалма даярдалганы белгилүү болот.

Иш-чараны “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы уюштуруп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: