super.kg logo

Муундардын байланышы: Beeline пенсионерлер үчүн жаңы тарифти ишке киргизди

 

Улуу муундарга болгон сый-урматы жана камкордугу Кыргызстан элинин ар дайым башкы баалуулуктардын бири болуп келген. Бүгүнкү күндө салттарды сактап калуу гана эмес, улгайган адамдар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, аларга кызмат көрсөтүүлөргө, маалыматка жана жакындары менен баарлашууга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу маанилүү.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фонддун демилгеси жана абоненттердин өздөрүнүн каалоолорун эске алуу менен Beeline мамлекеттик уюлдук оператору «Пенсионер» жаңы тарифин иштеп чыкты. Бул пенсионерлердин чыныгы муктаждыктарына байланышты жеңил, жеткиликтүү жана жакын кылган өзгөчө шарттары бар абдан пайдалуу жана ыңгайлуу сунуш.

Абоненттик төлөмдүн наркы — 30 күнгө болгону 150 сом. Мында тариф төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • чексиз WhatsApp — жакындары менен чектөөсүз баарлашуу үчүн;
  • 20 ГБ интернет — онлайн-сервистерди колдонуу жана окуялардан кабардар болуу үчүн;
  • тармак ичинде чексиз чалуулар жана SMS;
  • КР башка уюлдук операторлорунун номерлерине чалуу үчүн 15 мүнөт.

«Пенсионер» тарифин эки жол менен туташтырууга болот:

  1. «Мой Beeline» тиркемесинде. Номер абонент-пенсионердин атына катталган болуусу маанилүү. Система «Түндүк» базасында пенсионердин статусун автоматтык түрдө текшерет.
  2. Beeline сатуу жана тейлөө кеңселеринде. Жаныңызда пенсиялык күбөлүгүңүз болушу керек.

Тарифке кошулуу боюнча суроолор менен Beeline байланыш борборуна *611 номерине чалып кайрылсаңыз болот.

«Улгайган муунду колдоо – бул бир жолку чара эмес, өмүр бою өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн эмгектенген адамдарга кам көрүү боюнча мамлекеттик саясатыбыздын бир бөлүгү, – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Бактияр Алиев. – Бул тариф биздин пенсионерлерди колдоо максатында түзүлгөн жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Beeline мамлекеттик уюлдук операторунун ийгиликтүү интеграциясынын жана кызматташтыгынын мисалы болуп саналат. Заманбап байланыш бүгүнкү күндө негизги социалдык кызматтар сыяктуу эле маанилүү жана бул өнөктөштүктүн аркасында биз пенсионерлер үчүн санариптик мүмкүнчүлүктөрдү жакыныраак жана жеткиликтүү кылып, аларга үй-бүлөсү, коомчулугу жана мамлекети менен байланышта болууга жардам беребиз».

Компаниянын аткаруучу директору Кубаныч Шатемиров белгилегендей, Beeline пенсионерлер үчүн — жөнөкөй, түшүнүктүү, татаал шарттарсыз жана ашыкча чыгымдарсыз социалдык тарифти түзүү өтүнүчүнө жооп кайтарды.

«Биз мамлекеттик жана социалдык жоопкерчиликтүү оператор катары бул идеяны кубануу менен колдодук, — деп белгиледи ал. — Көптөгөн пенсия курагындагы адамдар үчүн уюлдук телефон — бул балдарынын жана неберелеринин үнүн угуу, алар менен видео байланыш аркылуу баарлашуу, жаңылыктарды билүү жана маанилүү кызматтарды алуу мүмкүнчүлүгү. Биз "Пенсионер" тарифи биздин улуу абоненттерибизге заманбап технологияларды ыңгайлуу жана пайдалуу колдонууга жардам берерине кубанычтабыз».

Beeline — жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн улуттук оператору.

КРнын СӨжИТМге караштуу БТЖСККнын 21.12.2016-жылдагы №15-1420-КР, 21.12.2016-жылдагы №16-1526-КР, 17.09.2024-жылдагы №14-1102-КР, 04.11.2024-жылдагы №14-1125-КР, 18.08.2025-жылдагы №16-0089-КР, 06.10.2021-жылдагы №21-0489-КР жана 07.02.2020-жылдагы №20-0388-КР уруксаттамалары.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: