Ош шаарында аэропорт жолундагы дарактар алынат (видео)
Ош шаарында аэропорт жолундагы жараксыз абалга келген дарактар алынат. Бул тууралуу 21-январда шаар мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
Маалыматка ылайык, шаар мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтар менен биргеликте таңкы рейд өткөргөн. Рейддин жүрүшүндө шаар башчысы иретсиз өскөн, чирип жана жараксыз абалга келген дарактарды алып салуу, алардын ордуна жаңы көчөттөрдү отургузуу боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берген.
Белгилей кетсек, аталган иштер жол жээгиндеги коопсуздукту камсыздоого, ошондой эле шаардык инфраструктураны иретке келтирип, шаардын көрүнүшүн жакшыртууга багытталган.
Ош шаарында аэропорт жолундагы дарактар алынат
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















