Акын, жазуучу Омор Сооронов узакка созулган оорудан каза тапты
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, жазуучу Омор Сооронов 86 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.Министрликтин маалыматында Омор Сооронов узакка созулган оорудан улам каза тапканы айтылды.
Ал Базар-Коргон районунун Гөлөгөн айылында 1940-жылы 28-февралда туулган.
Чыгармачылык жолу
1967-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин артыкчылык диплому менен аяктап, Александр Пушкин атындагы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайына окутуучулукка жиберилет. 1969-жылы Кыргыз Илимдер Академиясынын Тил жана адабият институту Манас секторунун кенже илимий кызматкери болуп калат. Андан соң аталган институттун Совет адабияты секторунда, кол жазмалар бөлүмүндө кенже, улук, жетектөөчү илимий кызматкер болуп иштеген.
1979-1981-жылдары “Кыргызстан” басмасында Көркөм адабият редакциясын башкарат, 1992-1995-жылдарда Ишеналы Арабаев атындагы КМПУнун улуу окутуучусу жана КУИАсынын улук илимий кызматкери болуп акыркы жылдарга чейин эмгектенип келди.
Ал "Алыкул" деген поэмасы үчүн 1-сыйлыкка татыктуу болот. Бул анын адабият жагындагы эң алгачкы ийгилиги болчу. 1957-жылдан бери чыгармалары жарыкка чыгып келе жатат. Чыгармачылык жолун акын катары баштаган. "Тоолорумдун зыйнаты" биринчи поэтикалык жыйнагы 1971-жылы басылып чыккан. Сооронов 8 поэтикалык жыйнактын автору. “Эки тоголок” (1993-ж.) деген жыйнагы бөбөктөр менен жаш жеткинчек балдарга арналган.
1980-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү. Ал поэзиядан башка көркөм сында, айрыкча адабият таануу илиминде көп эмгектенген, унутта калган акын, жазуучулардын, тарыхчылардын, искусство адамдарынын чыгармаларын, эмгектерин иликтеп, араб, латын ариптеринен азыркы кыргыз тамгасына көчүрүп жарыялоодо зор кызмат көрсөтүп келаген. Ал Сайф ад-дин ибн Дамулла Шах Аббас Аксикентинин 15-кылымдын аягында жазылган “Мажму ат-таварих”, Молдо Нияздын “Санат дигарасттар”, Молдо Кылычтын “Казалдар”, Молдо Багыштын “Абак дептери”, Молдо Аширдин “Азирети эшен пирибиз”, Белек Солтоноевдин “Кыргыз тарыхы”, Касым Тыныстановдун “Капастан чыккан ырлар”, Магзунинин “Фаргана хандарынын тарыхы”, Актан Тыныбек уулунун “Актан”, 1855-жылы Кудаяр хан жаздырган “Насаб-наама”, Мукай Элебаевдин “Жарыяланбаган чыгармалар”, Тоголок Молдонун “Манас” кол жазмаларды китеп кылып басмадан чыгарды.
Акын жана адабиятчы Омор Соороновдун эмгеги жогору бааланып, Кыргызстан Жазуучулар союзунун 60 жылдык юбилейине карата 1995-жылы “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” деген, 2004-жылы адабият таануу илиминдеги зор салымы үчүн “Кыргыз Республикасынын Илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты” деген наамдарга татыктуу болот. 2017-жылы 5-июнда III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланат. Ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Элге билим берүү отличниги”, Кыргыз адабиятынын классиги Мукай Элебаев атындагы адабий сыйлыктын лауреаты, Улуу акын Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата Түрксойдун “Токтогул Сатылганов-150” медалы менен сыйланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:07
2026-02-12
18:54
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















