Маданият кызматкерлеринин айлык маянасы 2 эсе көтөрүлөт (видео)
Маданият кызматкерлеринин айлык маянасы апрелден тартып 2 эселеп 100 пайызга көтөрүлөт. Бул тууралуу 21-январда Биринчи радиого маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков билдирди.
"Президент Садыр Жапаров буга чейин маданият тармагынын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу боюнча өз сөзүн берген. Ошого байланыштуу айлыктардын көтөрүлүшүнө байланыштуу бизге көптөгөн суроолор түшүүдө. Бул маселе Элдик курултай учурунда да көтөрүлүп, маданият кызматкерлеринин айлыгы 2026-жылдын апрель айынан баштап 100 пайызга көтөрүлөт деп айтылган. Учурда биз бул чечимди ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатабыз. Бул мезгилге чейин да бир этап менен көтөрүлгөн. Эми бул жолу 2 эсе көтөрүлүүдө", - деп билдирет орун басар.
Маданият кызматкерлеринин айлык маянасы 2 эсе көтөрүлөт
0

Супер-Инфо
super.kg видео















