Гүлжигит Алыкулов "Динамо-Минск" футболдук клубунун оюнчусу болду
Кыргызстандын Улуттук курама командасынын оюнчусу Гүлжигит Алыкулов Беларус Республикасынын чемпиондугунун Жогорку лигасындагы "Динамо-Минск" футболдук клубу менен расмий келишим түздү. Бул тууралуу 21-январда Кыргыз футбол биримдиги маалымдады.
"Өткөн сезондо Гүлжигит "Торпедо" клубунун намысын коргоп, өзүнүн чеберчилигин жана мүнөзүн көрсөтө алган. Биз улуттук курамабыздын оюнчусу менен сыймыктанабыз жана жаңы клубунда чоң ийгиликтерди каалайбыз", - деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, футболчу мурда "Дордой", "Алга", "Неман", "Кайрат" жана "Торпедо" клубдарында ойноп, улуттук курамада 47 оюн өткөрүп, 6 гол киргизген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















