Трамп Гренландия боюнча сүйлөшүүлөрдү дароо баштоону талап кылды
АКШнын президенти Дональд Трамп Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумда сүйлөп жатып, Гренландияны АКШга өткөрүү маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү дароо баштоону талап кылды. Анын айтымында, арктикалык арал стратегиялык жактан маанилүү аймакта жайгашкан жана жетиштүү корголгон эмес.
Чет элдик басылмалар жазышкандай, Трамп Гренландиянын коопсуздугун АКШ гана камсыздай аларын белгилеп, бул кадам НАТОну бекемдеп, альянска коркунуч жаратпай турганын айткан. Ошондой эле ал Дания менен Гренландия элдерине урмат-сыйын билдирип жана күч колдонулбай турганын кошумчалаган.
Мындан мурда Франциянын президенти Эммануэль Макрон Европа АКШнын басымына моюн сунбай турганын билдирген. Ал эми Дания жана Европа өлкөлөрүнүн өкүлдөрү Гренландия буга чейин эле НАТО алкагында корголуп жатканын белгилешүүдө. Гренландия маселеси боюнча Евробиримдиктин шашылыш саммити 22-январга белгиленди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















