super.kg logo

Чүйдө тургундун бодо малын үчүнчү жактарга сатып жиберген шектүү кармалды

 
Чүй облустук милициясы Сокулукта алдамчылыкка шектүү 66 жаштагы жаран кармалганын билдирди.
Такталгандай, 3-январда милицияга 1974-жылы туулган И.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган.
Арыз ээсинин маалыматына ылайык, 2010-жылы Б.М. жалпы 10 баш бодо малын багууга алган. 2010-2025-жылдар аралыгында аларды Сокулуктун Төш-Булак айылындагы жеке сарайда кармап келген. Кийинчерээк ал жаран жалпы саны 60тан ашуун бодо малды багып жүргөн. Учурда аталган жаран малды кайтарып бербей, үчүнчү жактарга сатып жибергендиги аныкталган.
Аталган факт каттоого алынып, кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 66 жаштагы Б.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иш-чаралары улантылууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: