super.kg logo

Трамп АКШнын эч ким билбеген, жашыруун куралы бар экенин айтты

 

АКШнын президенти Дональд Трамп Америкада эч кимге белгисиз, өзгөчө күчтүү курал бар экенин билдирди. Ал бул тууралуу News Nation телеканалына берген маегинде билдирген.

Трамп Венесуэлада жүргүзүлгөн операция маалында америкалык аскерлер белгисиз үн колдонулган курал колдонушкан деген маалыматтарга жооп берип жатып: "АКШда эч ким билбеген, жашыруун курал бар. Бул тууралуу айтпаганыбыз жакшыдыр, бирок бизде укмуштуудай курал бар",- деп билдирген.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары венесуэлалык аскер кызматкерине шилтеме берип, операция учурунда абадан коргонуу системи иштебей калганын, андан соң асманда дрондор менен тик учактар пайда болгонун жазышкан. Айрым адамдарга күчтүү үн толкунунун таасири тийип, алар өздөрүн жаман сезип, кыймылдай албай калгандыгы айтылган.

Эске салсак, 2025-жылдын декабрында АКШ Венесуэлада операция жүргүзүп, президент Николас Мадуро жана анын жубайын Каракаста кармаган. Кийин Мадуро АКШнын Бруклин шаарындагы тергөө абагына жеткирилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: