Спикер: "Жылдагыдай ыш жок, аны баарыбыз көрүп жатабыз"
Бүгүн, 22-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Бишкектеги ыш көйгөйү менен натыйжалуу күрөш жүрүп жатканын айтып, шаар бийлигине ыраазычылыгын билдирди.
Ал быйыл борбор калаа биринчи жолу кышында өлчөөлөрдүн негизинде жашыл аймакка киргенин белгиледи.
"Жылдагыдай ыш жок, аны баарыбыз көрүп жатабыз. Шаар бийлиги ар кандай ыкмалар менен аракеттерин көрүп жатат. Шаар бийлигине рахмат айтышыбыз керек, жакшыны жакшы дегенди үйрөнөлү. Ыш сезилерлик деңгээлде жоюлуп кеткен жок, дагы деле көйгөй бар. Бирок жылдагыдан быйыл азайды",- деди Тургунбек уулу.
Спикер: "Жылдагыдай смог жок, аны баарыбыз көрүп жатабыз"
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:19
2026-02-13
12:9
2026-02-13
11:05
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















