№13 округдагы шайлоого катышууну каалаган талапкерлердин тизмеси
БШКнын билдирүүсүнө ылайык, бүгүнкү күнгө карата 16 жаран №13 округдагы кайра шайлоого катышуу ниетин билдирип Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берди.
Тизме:
- Арстанбеков Акылбек Советбекович (02.04.1965) - "Кыргызстан" Топтолмо пенсиялык фонду, кеңештин төрагасы;
- Маматаев Эркинбек Садирбекович (23.01.1972) - убактылуу иштебейт;
- Асанов Уланбек Жалалович (30.11.1970) - "Эмитент виртуальных актиыдери" ААКнун директорлор кеңешинин төрагасы;
- Асамудинов Бактыбек Асанович (30.05.1966) - жактоочу;
- Калматов Токторали Калдарович (29.05.1976) - жеке ишкер;
- Чолпонов Уланычбек Калдарбекович (01.03.1981) - Базар-Коргон РЭТнин жетекчиси;
- Матсаков Кадырбек Мусаевич (31.03.1977) - жеке адвокат;
- Абдыразакова Гүлнара Пазылжановна (29.10.1976) - Түштүк региону боюнча бажы кызматынын бөлүм башчысы;
- Мацаков Бакыт Калбаевич (01.06.1989) - "БОУЛ" ЖЧКнын директору;
- Эгембердиев Арсланбек Абдыкайымович (22.03.1978) - убактылуу иштебейт;
- Базаркулова Нурсыйда Манасовна (15.09.1973) - Бөкөнбаев атындагы жатак мектебинин мугалими;
- Чомоев Алмазбек Алтынбекович (13.10.1979) - жеке ишкер;
- Базарбаев Каныбек Сүйүнүчбекович (16.06.1969) - Майлуу-Суу шаардык ДМЧА коомунун жетекчиси;
- Мансуралыев Залкарбек Медетбекович (01.01.1998) - “Кыргыз Петролеум Компани” ЖАК, юрист;
- Исраилжан уулу Өсөрбек - (12.03.1992) - убактылуу иштебейт;
- Койчуманова Нуркан Кадыровна - (17.09.1967) - Улуттук жазуучулар союзунун Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн төрайымы
Эске салсак, БШК Жалал-Абад облусунун №13 округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Мекеме аталган округда шайлоо бир ай ичинде кайра дайындаларын, мурдагы 14 талапкер кайра катыша албастыгын билдирген. Шайлоого талапкерлердин документтери 29-январга чейин кабыл алынат. Ал эми шайлоо ушул жылдын 1-мартында өтөт.
№13 шайлоо округу Масы айылы. Шайлоочулардын саны 159 миң 906. Шайлоо округуна Базар-Коргон шаарындагы №2423, 2428, 2140, 2141 шайлоо тилкелери, Кеңеш, Арстанбап-Ата, Сайдыкум айыл аймактары кирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:19
2026-02-13
12:9
2026-02-13
11:05
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















