Илимдер академиясынын мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
Улуттук илимдер академиясынын мыйзамсыз менчиктештирилген 11,2 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызмат факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси менен кылмыш иши козголгонун белгилейт.
"1997-жылы Бишкек шаардык мэриясынын №107 токтому менен Кара-Жыгач токоюнун түндүк бөлүгүнөн Улуттук илимдер академиясынын алдындагы Токой чарбасы жана жаңгак өстүрүү институтуна илимий-изилдөө иштерин уюштуруу үчүн 11,2 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилген.
Аталган институттун балансына өткөрүлүп берилген учурдан тартып, ар кандай себептерден улам, бул жер тилкеси мамлекеттик каттоо органдарында катталбаган. Бул көрүнүш, кызмат адамдарына жер тилкесин бир канча бөлүктөргө бөлүп сатууга мүмкүндүк берген",- деп айтылат маалыматта.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















