super.kg logo

Улукбек Карыбек уулу газдын баасына түшүндүрмө берүүнү талап кылды (видео)

 

Бүгүн, 22-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Карыбек уулу "Газпром Кыргызстан" ишканасынын ишмердүүлүгүнө нааразычылыгын билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, аталган ишкананын эсептегич системи бир нече ай иштебей калгандыктан, ишкана колдонуучулардан көп суммада төлөмдөрдү талап кылып жатышат.

"Газпром", Энергетика министрлигин жана Монополияга каршы күрөшүү кызматын чакырып, аларды угалы деген сунуш берет элем. Азыр "Газпром" эки айдыкын кошуп, колдонуучуларга 3 айдын дүмүрчөгүн жөнөтүп жатат.

Алар муну эки ай телеметрия иштебей калганы менен түшүндүрүптүр. Анан үчүнчү айда телеметрия иштеп калып, үч айдыкын бир жөнөтүшүптүр. Пенсия курагындагылар, көп балалуулар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр бар, аларга өтө эле көп болуп кетип жатат. Муну бир көзөмөлгө алып, маалымат угушубуз керек",- деди ал.






Улугбек Карыбек уулу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: