Трамп өзүн "диктатор" деп атады
АКШнын президенти Дональд Трамп Давостогу дүйнөлүк экономикалык форумдагы сөзүнөн кийин өзүн "диктатор" деп атаганын чет элдик басылмалар жазышты.
Трамп форумдагы билдирүүлөрү үчүн сын-пикирлерди укканын белгилеген.
"Адатта, алар "ал коркунучтуу диктатор" дешет. Мен диктатормун. Бирок кээде диктатор керек",- деген ал кечээ, 21-январда журналисттер менен баарлашып жатып.
Айта кетсек, Давостогу сөзүндө Трамп Гренландияны (Даниянын автономдуу аймагы) Түндүк Американын бир бөлүгү деп эсептей турганын билдирген. Ал дүйнөдөгү эң чоң аралды сырткы кол салуудан бир гана АКШ коргой аларын белгилеп, Гренландияны Вашингтондун менчигине өткөрүп берүү керектигин айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:25
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















