super.kg logo

Чакан жана орто бизнеске карата рейддик текшерүүлөр убактылуу токтотулду

 
Салык кызматы чакан жана орто ишкердик субъекттерине карата рейддик салыктык көзөмөлдү жана көзөмөлдүк сатып алууну 2026-жылдын 31-декабрына чейин убактылуу токтотту. Бул тууралуу 22-январда аталган мекеме билдирди.
Берилген маалыматка ылайык, бул чечим учурдагы экономикалык кырдаалда чакан жана орто ишкердик субъекттерин колдоо, бизнеске административдик басымды азайтуу, ошондой эле анын өнүгүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында кабыл алынды.
Тактап айтканда, салык мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышына байланыштуу көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ), эсеп-фактураларды колдонуу, банктык төлөм карталарын, электрондук акчаларды жана улуттук стандарттагы эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) пайдалануу аркылуу операцияларды жүргүзүүчү жабдуулардын болушу, ошондой эле товарларга карата алгачкы эсепке алуу документтеринин бар же жок экендиги боюнча рейддик салыктык көзөмөлдү жүргүзүү токтотулат.
Бул чаралар төмөнкү ишмердүүлүктү жүргүзгөн жеке ишкерлерге карата колдонулат:
  • бирдиктүү салыктын 0 жана 0,5 пайыздык ставкалары боюнча жөнөкөйлөтүлгөн салык салуу системинде иштегендер;
  • патенттин негизинде иш жүргүзгөндөр;
  • өзгөчө режимдеги соода зонасында ишмердүүлүк үчүн салык төлөгөндөр;
  • тигүү жана текстиль өндүрүшүндө бирдиктүү салыктын 0,25 пайыздык ставкасы менен иш жүргүзгөндөр.

Ошол эле учурда көзөмөлдөн бошотуу төмөнкү субъекттерге жайылтылбайт:

  • салыктык каттоосуз жана патенттин негизинде салык төлөбөстөн иш жүргүзгөндөр;
  • уюмдардан же жарандардан даттануулар, арыздар түшкөн, ошондой эле тергөө органдарынын токтомдору бар болгон субъекттер;
  • салыкты, анын ичинде жумушчу кызматкерлер боюнча салыктарды төлөбөгөндүгү тууралуу тастыкталган маалыматтар же талдоонун жыйынтыктары бар болгон учурлар;
  • акциздик товарлардын жүгүртүлүшүн ишке ашырган субъекттер - акциздик маркалардын бар же жок экендигин текшерүү бөлүгүндө.
Ошондой эле ишкерлер арасында көзөмөл-кассалык машиналарды, эсеп-фактураларды жана накталай эмес төлөмдөр үчүн колдонулуучу жабдууларды колдонуу маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү чаралары көрүлөт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: