super.kg logo

Бишкек дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын ондугуна кирди 

 

Бишкек дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын ондугуна кирди. Бул тууралуу маалыматты дүйнөдөгү абасы кир жана таза шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюму билдирди.

Аталган уюмдун бүгүн, 22-январь, саат 12:00гө карата чыгарган маалыматына ылайык, борбор калаанын абасы зыяндуу деп табылып, абадагы зыяндуу РМ 2,5 заттарынын көлөмү көбөйгөнү байкалган.

Ал эми аталган рейтингдин сап башына Индиянын борбор калаасы Дели шаары чыккан.

Белгилей кетсек, бүгүнкү Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Бишкектеги ыш көйгөйү менен натыйжалуу күрөш жүрүп жатканын айтып, борбор калаа биринчи жолу кышында өлчөөлөрдүн негизинде жашыл аймакка киргенин белгилеп өткөн.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: